Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

БШК дагы 25 эл аралык байкоочуну каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого көз салчу 25 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрдү. Алар: Орусия, Молдова, Румыниянын шайлоо комиссияларынын, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Шайлоо системасы эл аралык фондунун, Эл аралык демократиялык институттун өкүлдөрү. БШКнын маалыматында, ушуну менен 9-сентябрга карата 89 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.

- Добуш берүүгө беш күн калганга чейин биз эл аралык байкоочуларды каттайбыз. Ал эми талапкерлердин байкоочулары бир күн калганга чейин каттала берет. Учурда 89 байкоочу расмий каттодон өттү. Азыр биздин жумушчу топтун каттоосунда бир нече эл аралык уюмдардан, бир нече миссиялардан сунушталган талапкерлердин документтери текшерилип жатат, - деди БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу да президенттик шайлоого 350 кыска мөөнөттүү жана 24 узак мөөнөттүү байкоочуларын жөнөтөрүн жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG