Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Бишкекте “Сенин добушуң – сенин келечегиң!” аттуу үгүт кербени өтөт


Бишкек шаарынан башталып жаткан "Сенин добушуң – сенин келечегиң!" аттуу үгүт кербенинде жаңы шайлана турган президенттин ыйгарым укуктары, добуш берүүнүн купуялуулугу тууралуу маалыматтар берилет. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн "Кошунаңды ээрчите кел!" акциясы өтүп, добуш сатууга каршы аракет аттуу темалар талкууланат. Борбор калаанын эски аянтындагы акцияга жаш активисттер, эстрада ырчылары, ди-джейлер, чыгармачыл топтор катышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мобилдик маалыматтык тобу уюштуруп жаткан иш-чарада шайлоо жараянынын баскычтары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүүнүн жол-жоболору тууралуу да маалымат берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Гуля Алмамбетованын “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, ушундай эле үгүт кербени өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат:

- Биздин кээ бир шайлоолордо жаман көйгөй бар. Бул шайлоочулардын добушу сатылып жатат деген. Ошондуктан бүгүн сатылбагыла, алданбагыла деген акция болуп жатат. Мындан тышкары майыптарга өзгөчө мамиле кылгыла, кошунаңарды жаныңарга, добуш берүүгө алып алгыла деп айтып жатабыз. Алар өздөрү да бүгүн кандай шарттар түзүлүп жатканын айтып беришет.

Мындан сырткары бул иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо гимнинин бет ачара болмокчу.

Бүгүн, 10-сентябрда башталган үгүт өнөктүгү 14-октябрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG