Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасындагы оорукананын 53 жаштагы дарыгери 12 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренесинин (ыплас аракеттерге баруу) негизинде кылмыш иши козголду.
- Бул боюнча милицияга кыздын энеси кайрылган. Арызда дарыгер оорукананын палатасында жалгыз калган кызына келип укол сайып кеткендиги белгиленген. Ошондой эле андан кийин кыймылдай албай калганда зордуктоого аракет кылганы арызда көрсөтүлгөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, дарыгер үй камагына алынды. Бардык соттук-экспертиза дайындалды.
Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Башкы прокуратуранын маалыматында 2016-жылдын ичинде бул өңдүү жашы жете элек балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон. (КЕ)