Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Бишкекте “Кайра жаралуу” партиясынын курултайы өтпөй калды


Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков эл менен жолугушуу учурунда. Август, 2017-жыл.
Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков эл менен жолугушуу учурунда. Август, 2017-жыл.

“Өнүгүү-Прогресс, “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын лидерлери түзгөн жаңы “Кайра жаралуу” саясий партиясынын бүгүнкүгө белгиленген курултайы болбой калды. Бул тууралуу "Ата-Журт" партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, саясий бирикменин жыйыны качан өтөрү азырынча белгисиз. Ошондой эле партиянын аталышы боюнча лидерлер бир пикирге келбегени маалым болду.

Буга чейин Нургазы Анаркулов "Кайра жаралуу" партиясынын алгачкы курултайы 11-сентябрда өтүп, анда президенттик шайлоого чыга турган бирдиктүү талапкердин ысымы жарыяланарын билдирген. Интернетте тарап жаткан“партия түптөлбөй жатып, ич ара бөлүнүп жатат” деген сөздөрдү жокко чыгарып, муну атаандаштар тарабынан чыгарылган кара пиар болушу мүмкүн деп сыпаттаган.

Быйыл августта "Өнүгүү-Прогресс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата-Журт" партияларынын лидерлери Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев президенттик шайлоонун алдында жаңы партияга биригишерин жана шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын жарыялашкан. Көп өтпөй ал тандем жаңы партиянын негиздөөчүлөрүнүн тандоосу менен “Кайра жаралуу” деп аталганын Бакыт Төрөбаев маалымдаган.

Бүгүн Бишкекте президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев “Өнүгүүнүн жаңы багыты 2023” деп аталган саясий программасы менен тааныштырарын жана ал "Кайра жаралуу" бирикмесинин жыйыны эместигин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан кабарлашты. (NT)

XS
SM
MD
LG