Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Камчыбек Ташиев шайлоодо Жээнбековду колдой турганы айтылууда


Августта Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев президенттик шайлоонун алдында жаңы партияга биригишерин жана шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын жарыялашкан болчу.
Августта Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев президенттик шайлоонун алдында жаңы партияга биригишерин жана шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын жарыялашкан болчу.

Президенттикке талапкер катары катталган “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев алдыдагы президенттик шайлоодо КСДП партиясынан талапкер, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду колдой турганы ачыкка чыкты.

Бул тууралуу“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинен "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Шайлоодо Жээнбековду колдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн жана ийгиликтүү болгонун партиянын маалымат кызматы да ырастады.

- Камчыбек Ташиев эл арасында бөлүнүп жарылууга жол бербөө максатында, туруктуулук, тынчтык үчүн Сооронбай Жээнбеков менен биригебиз, колдойбуз деген жакшы сөздөр болгон. Бирок, анда кандай чечимге келишкени расмий жарыяланмайынча айта албайбыз - деп билдирди "Ата Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов.

Быйыл августта "Өнүгүү-Прогресс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата Журт" партияларынын лидерлери Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев президенттик шайлоонун алдында жаңы партияга биригишерин жана шайлоого бир талапкерди алып чыгышарын жарыялашкан болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG