Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында кечээтен бери куураган чөп күйүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрттүн кесепетинен болжол менен 4-5 гектар кургак чөп күйгөн.
Караңгы киргенче өчүрүү иштери жүргүзүлүп, 1 гектар жердеги өрт чектөөгө алынды. Түн киргенине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери убактылуу токтотулуп, бүгүн таңкы саат 06:30да кайра улантылды. Өрт өчүрүүчүлөргө жергиликтүү тургундар да жардамдашууда.
Жалпысынан соңку суткада 40 өрт кырсыгы катталды, адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)