Тажикстандын Башкы прокуратурасы милициянын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири, кийин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулуп кеткен Гүлмурод Халимовдун үч бир тууганы - Комил Халимов, Назир Халимов жана Али Халимов боюнча териштирүүнү аяктады. Алар "жалданмачылык, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү" боюнча айыпталууда.
5-июлда Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Восе районунда атайын операция учурунда кармалышкан. Атышууда Халимовдун дагы эки бир тууганы жана эки жээни өлгөнү айтылган.
Тажикстандын атайын кызматы Халимовдун туугандары чек арадан Ооганстанга мыйзамсыз өтүп, "Ислам мамлекети" экстремисттик топко кошулууга ниеттенген деп билдирген.
Өткөн жумада Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Дейр-эз-Зор аймагында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун төрт командири жок кылынганын, арасында эки жыл мурда согушкерлердин катарына кошулган мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимов да бар экенин маалымдаган.
Гүлмурод Халимов Тажикстандын Ички иштер министрлигинде иштеп жүрүп, 2015-жылдын май айында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганын жарыялаган. Кезинде Эл аралык машыгуулардан өткөн мурдагы тажик командири жоочулардын арасында "согуш министри" деген атка конгон.
Тажикстан ага эл аралык издөө жарыялап, АКШ Халимовдун кайда жүргөнүн кабарлагандарга 3 миллион доллар сыйлык убада берген.
2015-жылдан бери Халимов жок кылынганы тууралуу бир нече маалымат чыккан. Бирок согушкерлер да, тажик бийлиги да бул аны четке кагышкан.