Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Жогорку Сотко ок алып кирүүгө аракеттенген аял кармалды


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Сотко кирип бараткан учурда кармалган орусиялык жарандын баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, кармалган аял буга чейин Украинанын жаңжал болуп жаткан аймагы Донбасста болгонун айткан. Бул маалымат тергөөдө текшерилмей болууда.

- 8-сентябрь күнү Жогорку Соттун имаратына кирип бараткан учурда андан бир ок-дары алынган. Ал окту тирге барганда алганын айтып жатат. Донбасста болгонун айткан, бирок так документтер жок. Азыр териштирилип жатат.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 241-беренесинин негизинде (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча иш козголду.

Учурда Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG