Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:26

КУУ кызматкерлери ректорду коррупцияга айыптоодо


КУУнун кызматкерлеринин пресс-конференциясы

Кыргыз улуттук университетинин айрым кызматкерлери окуу жайдын жетекчилигин коррупцияга айыптоодо.

Бүгүн университеттин он чакты кызматкери "Канат Садыков келгени коррупция өстү, жөнү жок акча чогултуулар болуп жатат" деп айтып чыгышты жана президентке, өкмөт башчыга ага карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдошту.

Доцент Клара Сулайманова "Садыков Жээнбековдун агасы каза болгондо коллективден акча чогулткан, иш сапарларына да акча чогултат" деп билдирди.

Окуу жайда "Эмгек кодексинин" талаптарын сакталбай жатат деген кызматкерлер "Бир кафедрада айрымдардын кызы, келини, энеси иштеген учурлар кездешүүдө" деп айтышты, тууганчылык көрүнүштөрүнөн улам билим сапаты начар болуп жатканын белгилешти.

Бул айыптоолор боюнча "Азаттык" КУУнун проректору Урмат Аманалиевге кайрылганда ал жогоруда айтылган дооматтарды четке кагып, окуу процесси жаңы башталып, программалар эми гана бекитилип жатканан айтты жана акча чогултуу болбогонун билдирди. Анын белгилешинче, бир кафедрада жакын туугандар иштейт деген арызды прокурорлор буга чейин иликтеп, эч кандай мыйзам бузуу жок экенин айтып кетишкен. (KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG