Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

ИМ согушкерлеринин Иракта калган бала-чакасы 1400дүн тегерегинде


ИМ тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү. Тал -Афар, 30-август, 2017

Бул тууралуу Рейтер агенттиги Ирактын коопсуздук өкүлдөрүнө шилтеме жасап кабарлоодо.

Маалыматка караганда, учурда Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринин аялдары жана балдары деген 1400дөй чет элдик бар жана кармалгандардын көбү Түркиядан, калгандары Тажикстан, Азерабайжан, Орусиядан келгендер.

Арасында азиялыктар да бар, саналуусу Франция менен Германиянын жарандары.

Ирактык расмий өкүлдөрү ошондой эле чет элдик аялдар менен балдар Мосул шаарынын түштүгүндөгү лагерде кармалып турушканын, учурда алардын өздүгүн, жарандыгын тактоо аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалашты.

Ирак армиясынын полковниги Ахмед ал-Тайенин айтымында, “Ислам мамлекети” тобунун экстремисттеринин үй-бүлө мүчөлөрү деп шектелгендер азыр армиянын карамагында турушат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG