Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

БУУ комиссары Мьянма бийликтеринин аракетин айыптады


Рохинжа качкындары. 7-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары. 7-сентябрь, 2017-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хуссеин акыркы эки аптада 270 миңдей рохинжа мусулмандары коңшу Бангладешке качканы үчүн Мьянманын бийликтерин Женевада Адам укуктары кеңешинин бүгүнкү жыйынында сынга алды:

- Согушкерлердин 25-августта 30 полиция бекетине жасаган чабуулу үчүн жооп чара делген операция пропорцианалдуу эмес жана эл аралык укуктун базалык принциптерине каршы келет. Биз коопсуздук күчтөрү жана жергиликтүү кошуундар рохинжалардын кыштактарын өрттөп, аларды сотсуз эле өлтүрүшкөнү, анын ичинде качып жаткан жайкын тургундарды атышканы боюнча бир катар маалыматтарды, спутниктен тартылган сүрөттөрдү алдык. Мени Мьяманын бийликтери Бангладеш менен чек арага миналарды көмө баштаганы тууралуу маалыматтар да кабатыр кылууда.

Зеид Раад ал-Хуссеин ошондой эле өз сөзүндө Мьянмадагы азыркы кырдаал “энтикалык тазалоолор” боюнча окуу китептериндеги мисалдардай көрүнүп жатканын белгиледи.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам ал жерде жашаган рохинжа мусулмандарынын Бангладешке качуусунун азыркы толкуну 25-августта башталган.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктардын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандары арасынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага координацияланган чабуул жасаганын жүйө келтирди.

Мьянмандагы соңку окуялардан улам мусулман өлкөлөрү менен жамааттарынан буга чейин ал жердеги кыянатчылыктарды айыптаган сөздөр айтылган.

Түркия жана Иран бийликтери бул маселени ушул айда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында көтөрөрүн билдиришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG