Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

АКШда 11 -сентябрь курмандыктарын эскеришүүдө


АКШ президенти Дональд Трамп жубайы менен Ак үйдөгү эскерүү жөрөлгөсүндө. 11-сентябрь, 2017-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп жубайы менен Ак үйдөгү эскерүү жөрөлгөсүндө. 11-сентябрь, 2017-жыл.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдун курмандыктарын эскерүү боюнча бүгүн эртең менен Ак үйдө өткөн жөрөлгөгө президент Дональд Трамп баштаган расмий өкүлдөр катышты.

Бир мүнөт унчукпай эскерүү жөрөлгөсү бүгүн Нью-Йоркто мурда Дүйнөлүк соода борбордун эгиз мунарасы турган жерде болуп, анда террордук чабуулдун курмандыктарынын туугандары жакындарынын ысымдарын окушту.

Эскерүү иш-чарасы Пентагондо да президент Дональд Трамптын катышуусу менен өттү:

-Биз эч убакта силер жоготкондорду кайрып, кайгыңарды жойо албайбыз. Биз курмандыктарды эскерип, адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн колдон келгендин баарын жасоого чечкиндүүлүгүбүздү гана көргөзө алабыз,- деди АКШ президенти Пентагондогу эскерүү жөрөлгөсүндө сүйлөгөн учурунда.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын 16-жылдыгын утурлай президент Трамп 8-10-сентябрды “Дуба кылуу жана эскерүү күндөрү”, ал эми 11-сентябрды “Патриот күнү” деп жарыялаган.

2001-жылдын 11-сентябрында “ал-Каида” террордук уюмунун адамдары карактаган учактардын экөө Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борбордун кош мунарасын сүзүшүнөн, дагы эки учактын бири Пентагондун аймагына, экинчиси Пенсильвания штатында кыйроосунан 3000дей кишинин өмүрү кыйылган.

Бул окуя АКШ Ооганстанда “ал-Каидага” жана "Талибан" кыймылына каршы антитеррордук операция баштоосуна алып барган. (UE)

XS
SM
MD
LG