Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:44

Ирма бороонунан алты миллиондой үй электр жарыгысыз калды


Маямиде ураган учурундагы көрүнүш. 10-сентябрь, 2017-жыл.

Бүгүн Флорида штатында, Мексика булуңунун чыгышындагы Тампа Бэй аймагын карай багыт алган куюндун кубаты басаңдап, азыр эң башындагы бешинчи категориядан биринчи категорияга түшүрүлдү.

Үйлөрдүн чатырларын сыйрып, тал-теректерди омкоргон бороон АКШнын Флорида штатында алты миллиондой үйдү электр жарыгысыз калтырды.

АКШга чейин бул ураган Кариб деңизиндеги аралдар менен Кубага сокку уруп, кеминде 30 кишинин өмүрү кыйылган эле.

Ушул тапта куюндун кубаты басаңдаганы менен ал али суу ташкынына алып келүүчү нөшөрлөгөн жамгыр жана бороон менен коштолууда.

Флорида штатында добулга байланыштуу кеминде үч адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды.

Маями шаары урагандын тикелей соккусуна кабылбаганы менен бул жерде шамалдын күчү саатына 215 чакырымга жетти, нөшөрдөн улам шаардын бөлүктөрүн суу каптады. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG