Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Өкмөт "Кумтөр” боюнча экологиялык доо арыздарын соттон чакыртып алат


Премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү Кумтөрдө. Сентябрь, 2017-жыл.
Премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү Кумтөрдө. Сентябрь, 2017-жыл.

Кыргызстан “Кумтөрдү” иштетүүдөн келтирилген экологиялык зыян боюнча “Центерра Голд” компаниясынын үстүнөн сотко берген доо-арыздарын чакыртып алат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов ”Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, 11-сентябрда канадалык компания менен кол коюлган макулдашууга ылайык “Центерра Голд” дагы Кыргызстандын үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алмай болду:

- Биз экологияга келтирилген зыян боюнча алардын үстүнөн Кыргызстандын сотторуна кайрылганбыз. Алар буга макул болбой, "кыргыз тарап 2009-жылдагы келишимди бузуп атат" деп эл аралык арбитраждарга кайрылган. Эми макулдашууга ылайык, биз соттордон доо арыздарыбызды чакыртып алабыз, “Центерра Голд” дагы Кыргызстандын үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алат. Бул эки тарапка тең ыңгайлуу чечим.

11-сентябрда кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG