Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Президенттик шайлоого ЕККУнун 300 байкоочусу көз салат


Кыргызстанда өтө турган быйылкы президенттик шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) 300 байкоочусу көз салат. Бул тууралуу өлкөнүн аталган уюмдагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов Варшавада өткөн эл аралык жыйында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Ал кыргыз бийлиги бул саясий жараянды таза жана адилет өткөрүүгө кызыкдар экенин айтып, бул жаатта аткарылып жаткан иштер, адам укуктарын, сөз эркиндигин сактоо боюнча абал тууралуу айтып берди.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлердин саны 13 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG