Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

"Таза шайлоосуз таза коом жок" жарандык кыймылы түзүлүүдө


Кыргызстанда "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталган жарандык кыймыл түзүлүүдө.

Анын негиздөөчүлөрү бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, максаттары тууралуу айтып берип жатышат. Алар: экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, мурдагы парламент төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана башка саясатчылар, коомдук ишмерлер.

Кыймылдын негиздөөчүлөрү президенттик шайлоонун таза жана адилет өтүшү коом жана жалпы өлкө үчүн маанилүү экенин, бул боюнча меморандум кабыл алынарын айтууда.

Анда "Мамлекеттүүлүктү, өлкөнүн бүтүндүгүн жана элдин биримдигин сактоодо, демократиялык дөөлөттөргө негизделген укуктук жана саясий маданияттын калыптануусуна өбөлгө түзүүдө өзүбүздүн жарандык жоопкерчиликти сезүү менен, шайлоонун ыплас технологиялары колдонулбай, административдик ресурстун үстөмдүгү жок өткөрүлгөн шайлоо гана туруктуулуктун зарыл шарты боло алат" деп жазылды.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, талапкерлердин саны 13 адам.

Кыргыз бийлиги быйыл жазында мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун жарыялаган. Ал 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG