Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Саакашвили украин оппозициясын бириктиргиси келет


Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Львов шаарындагы маалымат жыйында.
Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Львов шаарындагы маалымат жыйында.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили украин саясатына аралашып, оппозицияны бириктирүүгө жардам көрсөтүү ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 11-сентябрда Львов шаарында өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

- Бул - күрөштүн башталышы. Мен олигархтардын кайра Украина башчылыгына келишине, тамырлап кеткен коррупцияга каршы күрөштү улантам.

Июль айында Украина жарандыгынан ажыратылган Саакашвили бир күн мурда Польшадан Украина аймагына мыйзамсыз өткөн.

Ички иштер министрлиги Саакашвилинин өлкөгө келишине байланыштуу "чек арадан мыйзамсыз өтүү" деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Саакашвили өзү БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы тарабынан “жарандыгы” жок адам катары таанылганын жана украин бийлигинин аны жарандыктан ажыратуу чечимин сотто талаша турганын билдирүүдө.

Саакашвили Украинага кантип кайтып келди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

XS
SM
MD
LG