Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:54

Сауд Арабия 12-сентябрда "Ислам мамлекети" террордук тобунун Коргоо министрлигинде жардыруу уюштуруу аракетин алдын алганын билдирди.

Саудиянын мамлекеттик маалымат каражаттары коопсуздук органдарына шилтеме жасап, Йемендин эки жараны баш калаа Эр-Рияддагы министрликтердин имараттарында жанкечтинин курун пайдалануу менен жардыруу уюштууруну көздөп келишкенин кабарлашты.

РБийлик өкүлдөрү билдиргендей, сөз болуп жаткан йемендиктер жана Саудиянын дагы эки жараны террордук чабуул жасоого аракет кылышкан деген шек менен камакка алынышты. Кармоо операциясы маалында шектүүлөрдүн жанынан гранаталар жана ок атуучу курал-жабдыктар табылган.

Саудия башында турган араб мамлекеттеринин коалициясы Йемендеги жарандык согушта президент Абд-Раббу Мансура Хадинин өкмөттүк күчтөрүнө жардам көрсөтүп, хуси козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келет.

Өлкөдөгү жаңжал хуси козголоңчулары бийликти кулатып, баш калаа Сананы ээлеп алган соң 2014-жылдын күзүндө башталган. Үч жылдан бери уланып жаткан согуш 10 миңдей жайкын тургундун өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG