Испаниянын Барселона шаарында Каталониянын өз алдынча болуусун жактаган жүз миңдеген адамдар жүрүшкө чыгышты. Үч аптадан кийин бул чөлкөмдүн Испаниядан бөлүнүүсү боюнча референдум өтөт. 1-октябрга белгиленген добуш берүүнү расмий Мадрид мыйзамсыз деп атаган.
Чөлкөмдүн төбөлсүздүгүн жактаган партиялар басымдуулук кылган Каталония парламенти, эгер жергиликтүүлөр өз добушун берсе, аймакты Испаниядан бөлүнүүсүн шарттаган мыйзамды сентябрдын башында кабыл алышкан.
Соңку сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, каталониялыктардын жарымы өз алдынчалыкты колдошкону менен, теңи каршы чыгышты.
Каталония-Испаниядагы бай аймактардын бири. Чөлкөмдүн өз полициясы, тили бар.