Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Сирияда Орусиянын аба чабуулунан 69 киши өлгөнү кабарланууда


Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зор провинциясынын картасы.
Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зор провинциясынын картасы.

Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зор провинциясынын айланасында жүргүзүлгөн аба соккулардан соңку үч күндүн ичинде 69 киши мерт кетип, ондогон адамдар жарадар болушту. Бул тууралуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 12-сентябрда жасаган билдирүүсүндө маалымдады. Уюм соккуларды Орусиянын авиациясы жүргүзгөнүн боолголоп жатат.

Соккулар Ефрат дарыясынын жээгиндеги жай тургундар отурукташкан аймакка урулганы маалым болду.

Рейтер агенттиги Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартканын жазды.

Москва буга чейин Дейр-эз-Зор шаарын "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жоочуларынан бошотуу максатында Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө абадан көмөк көрсөтүп жатканын билдирген. Атургай шаар айланасындагы аба соккулардан экстремисттик топтун кыркка чукул согушкери, алардын ичинде төрт жетекчиси өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 2015-жылдын сентябрь айында баштаган. Айрым Батыш расмийлери орус тарапты согушкерлерди эмес, президент Асаддын каршылаштарын бутага алды деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG