Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Ирма бороонунан курман болгондордун саны 45ке жетти


Бороондон Кошмо Штаттардын Флорида Кис архипелагындагы үйлөрдүн төрттөн бир бөлүгү кыйраганы маалымалды.
Бороондон Кошмо Штаттардын Флорида Кис архипелагындагы үйлөрдүн төрттөн бир бөлүгү кыйраганы маалымалды.

Ирма бороону жалпысынан 45 адамдын өмүрүн алды. 10 киши Кошмо Штаттарда, 10 киши Кубада, Кариб чөлкөмүндө 35 адам мерт болгону расмий кабарланды.

12-сентябрда АКШнын Улуттук бороондор кызматы Ирманын кубаттуулугу төмөндөгөнү менен адам өмүрүнө коркунуч жарата алгандай күчү бар экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиги бороондон Флорида Кис архипелагындагы үйлөрдүн төрттөн бир бөлүгү кыйраганын маалымдады. Ар кандай маалыматтар боюнча Флориданын 13 миллиондой калкы электр жарыксыз калды. Бул штат калкынын үчтөн эки бөлүгүн түзөт.

XS
SM
MD
LG