Германиянын Москвадагы элчилиги орус президенти Владимир Путинди "шылдыңдады" деген жүйө менен кечирим суроону Focus журналынан талап кылды. Бул тууралуу немис элчилигинин басма сөз катчысы Денис Микерин Facebook баракчасына жазды.
Focus журналы жакында Германия канцлери Ангела Меркелге арналган материалды жарыялаган. Анда "албетте ал Путиндин итинен коркот, бирок ит-Путинден коркпойт" деген сөздөр жазылган. Элчилик бул айтылгандарды "редакциянын мүчүлүштүгү" деп атап, басылманын башкы редактору Роберт Шнайдерди кечирим суроого чакырды.
2016-жылдын январында Путин германиялык Bild басылмасына маек куруп, анда 2007-жылдагы Меркел менен жолугушуусу тууралуу айтып берген. Канцлер менен баарлашуу маалында бөлмөгө лабрадор Кони аттуу ити кирип келгенин, Меркел коркуп кеткенин, натыйжада андан кечирим суроого туура келгенин айткан.