Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Liglass "РусГидрого" төлөнчү акчаны 19-сентябрга чейин төгүшү керек


Чехиялык «LiglassTradingCZ, SRO» компаниясынын “РусГидрого” 37 млн доллар төлөп берүү күнү аныкталды. Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рыспек Токтоналиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, акча 19-сентябрга чейин "Электр станциялары" ишканасында ачылган эсепке түшүшү керек болот:

- Келишим боюнча, “Жогорку Нарын ГЭС каскады” ишканасынын акцияларынын 50% менчиктеш үчүн чех компаниясы “РусГидрого” 37 млн доллар төгүп бериши керек. Бул келишимге төрт тарап кол коюушу зарыл болчу. Бүт төрт тарап 4-августта кол коюп бүттү. Ошондуктан 30 банктык күн 4-августтан тарта эсептелет. Майрам жана дем алыш күндөрдү санабаганда бул күн 19-сентябрь болот.

Быйыл июлда «LiglassTradingCZ, SRO» Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев аны Кыргызстанга алып келгендер боюнча тез арада териштирүү баштоону сунуштап, аларды "алдамчылар" деп атаган. Сариев билдирүү таратып, тендер одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, Тышкы иштер министрлиги ал компания тууралуу терс маалымат бергенине карабастан чечим чыгарылганын, эми Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестор табуу дээрлик мүмкүн болбой калышын белгилеген.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Кыргыз тарап чехиялык компания менен андан ары кызматташуу маселеси ошол акча төлөнүп-төлөнбөсүнө жараша чечилерин айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG