Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Депутат Карамушкина орус тилине мамлекеттик макам берүүнү сунуштады


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Жогорку Кеңештин КСДП партиясынан депутат Ирина Карамушкина Кыргызстанда орус тилине да мамлекеттик деген макам берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында тил маселеси талкууланып жатканда айтты:

- Жада калса бештен мамлекеттик тилдүү өлкөлөр бар. Алар эч кандай претензиясы жок эле тегиз, тынч өнүгүүдө. Кыргыз жана орус тилдерин мамлекеттик кылып мыйзамдаштырып койсок эмнеси жаман?

Бүгүн депутаттар “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды аткаруу тууралуу парламенттин 2016-жылдын 26-майындагы токтомун талкуулап жатышат.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова “кыргызтест” системасы боюнча токтом кабыл алынганын, Терминологиялык комиссия материалдык-техникалык жактан камсыз болгонун, мекемелер ортосундагы мамлекеттик тилде кат алмашуу камсыздалып, мамкызматкерлерге кыргыз тили үйрөтүлүп жатканын айтты.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG