Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жээнчороев Матраимовго: 12 миң айлыкка миллиондук спорт аянтча кантип курулду?


Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

Кыргыз өкмөтү кадр саясатына көңүл бурушу керек деп эсептейт Жогорку Кеңештин «Республика Ата-Журт» партиясынан депутаты Мирлан Жээнчороев. Бүгүн парламентте сүйлөп жатып ал КСДПдан депутат Искендер Матраимовдун Кара-Суудагы шайлоого байланыштуу айткандарына жооп кылып:

- Бешөөңөр тең мамлекеттик кызматтасыңар. Бир спорт аянтча 1,5-3 млн сом турат. Айлыгыңар 12-18 миң сом. Бажыкананын орун басары Раим Матраимовдун “Раим миллион” каймана аты бар. Урматтуу Матраимовдор, президент менен, КСДП менен жамынбагыла. Президент таза жана айкын шайлоо болсун деди. 2007-жылы Бабанов КСДПнын штаб башчысы, мен Таластын координатору болгондо силер каякта элеңер? Марат менен Максимдин (мурдагы президент Бакиевдин уулдары - ред.) этегинде жүрбөдүңөр беле. Кара-Сууда 9 миң бюллетендин 4 миңи “аныкталбаган үлгүдө” деп келди. Спорттук түрдөгү балдар шайлоочуларды бир-бирден киргизип жатты. Ошол жерде ким үстөмдүк кылып, кайсы бажы кызматкерлери ур-токмокко алып жатканын угузуп беребиз, - деди.

Бүгүн Искендер Матраимов Кара-Суудагы шайлоого анын жана бир туугандарынын тиешеси жок экенин айтып, “Республика” партиясы жана лидери Өмүрбек Бабановдун шайлоонун жыйынтыктары боюнча нааразылыктарын негизсиз деп атаган:

- Биздин агитаторлор эл менен сүйлөшсө эле “Бабанов мынчадан берип жатыптыр” деген сөз. Башка сөз жок. Кара-Суудагы шайлоого Матраимовдор эмес, КСДП катышты. Биз бакандай болгон беш эркек бир тууганбыз. Бизге акарат келтире албайсыз, - деп кайрылды ал Бабановго.

БШКнын маалыматына караганда, 3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн жарышта 3762 добуш менен Социал-демократтар партиясы алдыга чыкты. Андан кийин 752 добуш менен "Мекеним Кыргызстан", 573 добуш менен "Кыргызстан" саясий партиясы турат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 344, "Республика" 306, "Бир бол" 13 добушка ээ болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG