Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

БУУ рохинжа мусулмандарына азык-түлүк жардамын жандандырды


Бангладешке келаткан рохинжа мусулмандары. 11-сентябрь, 2017-жыл.
Бангладешке келаткан рохинжа мусулмандары. 11-сентябрь, 2017-жыл.

Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын билдиргенине караганда, Мьянманын Ракхайн штатында лагерлердин бирине тамак-аш таратуу 12-сентябрдан тартын кайра жанданды. Бул иш өткөн айда коопсуздук маселесине байланыштуу токтотулган эле.

Улуттар уюму Мьянмага коңшу Бангладешке качып келген 370 миңдей рохинжа мусулманга жардам жиберүү боюнча ири операция баштаганын да билдирүүдө. БУУнун Качкындар агенттиги жалдаган алгачкы учак Мьянманын чек арасына жакын лагерге 90 тоннадан ашуун жүк жеткирди.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктардан улам рохинжа мусулмандары 25-августтан бери Бангладешке качууда.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хуссеин эки күн мурда Женевадагы жыйында Мьянма бийликтеринин коопсуздук операциясын сындап, ал жердеги азыркы кырдаал “энтикалык тазалоолор” боюнча окуу китептериндеги мисалдардай көрүнүп жатканын белгилеген.

Мьянманын өкмөтү кыянатчылыктардын тутанышы үчүн рохинжа мусулмандары арасынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага координацияланган чабуул жасаганын жүйө келтирген, жайкын тургундар бутага алынып жатат деген айыптоолорду четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG