Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Тиллерсон АКШ-Орусия дипломатиялык талашы дагы курчушун каалабайт


АКШ жана Орусиянын тышкы саясий мекеме башчылары Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавров жолуккан учур. Вашингтон, 10-май, 2017-жыл.
АКШ жана Орусиянын тышкы саясий мекеме башчылары Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавров жолуккан учур. Вашингтон, 10-май, 2017-жыл.

Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт билдирди.

Ал АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Вашингтон менен Москванын дипломатиялык талашы дагы курчушун каалабай турганын, америкалык тарап “алга жылуунун мүмкүнчүлүктөрүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын” да белгиледи.

АКШ 31-августта Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугун жана Нью-Йорк менен Вашингтондогу соода өкүлчүлүктөрүн жабууга көрсөтмө берген. Анын алдында Орусия АКШнын алардагы дипломатиялык кызматкерлеринин санын олуттуу кыскартууну буюруган.

Бул көрүнүштөр Вашингтон менен Москванын жалпы мамилеси Орусия АКШнын былтыркы президенттик шайлоосуна кийлигишти деген айыптоолордон, башка бир катар маселелерден улам кескин начарлаган учурга туш келүүдө.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен кызматкерлерге байланышкан маселе АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон менен орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаковдун Хельсинкидеги кездешүүсүндө талкууланган.

Эки ортодогу талаштарды чечүү жолдорун издөө милдети жүктөлгөн дипломаттар азыркыга чейин үч ирет кездешти.

Алдыда БУУнун ушул айдагы Башкы ассамблеясы учурунда мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да жолугарын Орусиянын өкмөттүк ТАСС агенттиги кабарлады. Мамлекеттик департамент бул маалыматты ырастай элек. (UE)

XS
SM
MD
LG