Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Салянованын адвокаты прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү


Салянова сотто
Салянова сотто

Адвокат Чынара Жакупбекова мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаевди Саляновага байланыштуу соттук териштирүүдөн тышкары иштерге кийлигишет деп айыптап, аны процесстен четтетүүнү соттон өтүндү.

Бирок судья Кубанычбек Касымбеков адвокаттын өтүнүчүн четке какты.

Адвокат соттон Аида Салянованын ишин кайра тергөөгө жиберүүнү суранды.

Бул өтүнүчтү да сот четке какканын адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна маалымдады.

Ушул тапта Салянованын иши Ленин райондук сотунда каралууда.

Мурдагы Башкы прокурор, азыр Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG