Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Шайлоо-2017: Келдибеков менен Масалиев сотто БШКдан утулушту


Акматбек Келдибеков жана Исхак Масалиев Боршайком менен соттошуп, бардык инстанцияларда тең утулуп калышты. Алардын арыздары боюнча буга чейин райондук жана район аралык соттордо кабыл алынган чечимдер бүгүн Жогорку Сотто каралып, күчүндө калтырылды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев топтоп келген 36 миңден ашуун колтамганын 6 миңдейин гана БШК жарактуу деп тапкан. Ал эми парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековдун коррупция боюнча соттуулугу жоюлган жок деген чечим чыккан. Ошол себептен экөө тең талапкер катары катталбай калган. Алар Боршайкомдун аракеттерин мыйзамсыз деп атоодо.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкер болом деп чыккан 59 адамдын 13үнө гана мындай макам берилди.

Талапкер болуп катталуу үчүн 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 млн сом күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өтүү зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG