Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Кант кызылчасын кабыл алуучу түйүндөр иштей баштады


12-сентябрдан тарта "Кайыңды-Кант" заводу Токмок шаарында, Кемин районунда жана Ысык-Ата районунда кант кызылчасын кабыл алуучу түйүндөрүн ишке киргизип, дыйкандардан кызылча кабыл ала баштады. Ал эми Беловодск, Маймак, Кайыңды аймактарында, Кант, Кара-Балта шаарларында, Шопоков шаарчасындагы кабыл алуучу түйүндөр 1-октябрдан тарта ишке киришет.

2016-жылы Кыргызстанда 710 миң тонна кант кызылчасы өндүрүлгөн. Быйыл 16 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 гектарга көп. Алдын ала маалыматтар боюнча, быйылкы жылы 850-900 миң тонна түшүм жыйналат.

Өткөн жылы орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык жардамы менен "Кошой" кант заводу ишке кирген. Бул ишканага аталган фонд 10 млн доллар жеңилдетилген насыя берсе, "Кайыңды-Кант" заводуна 5,5 млн доллар берилген.

Бир нече жыл мурун кыргызстандык дыйкандар өстүргөн кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар албай, коңшулаш Казакстанга сатууга же чочкого тоют кылып салып берүүгө аргасыз болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG