Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Азербайжандын өкмөтүн сотко берди


Радионун атынан 13-сентябрда таратылган билдирүүдө мекеме Азербайжандын өкмөтүн Адам укуктары боюнча Европа сотуна быйыл июнь айында бергени, буга радионун өлкө ичинен маалымат таратуусу дээрлик үч жылдан бери оорлогону себеп болгону айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Страсбургдагы сотко азери өкмөтү радиого койгон дооматтарды чечүү үчүн жолдогон арызында Европанын Азербайжан да кол койгон Адам укуктары конвенциясына таянган.

Ал конвенция акылга сыярлык убакыт ичинде адилеттүү соттук териштирүүгө жана сотто коргонуунун эффективдүү каражатына болгон укукту кепилдейт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Бакудагы бюросу 2014-жылдын декабрь айында жабылып, радиого салык төлөөгө байланыштуу да айып коюлган эле.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент белгилегендей, радио “бул айыптарды Азербайжандын соттук системасы аркылуу териштирүү ишинде эч бир жылышка жетише алган жок жана ал айыптар эч негизсиз”.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу билдиргендей, азери бийликтери параллелдүү деп мүнөздөгөн кылмыш иликтөө “мыйзам 2016-жылы эле аяктоосун талап кылганына карабастан создугуп кетти”.

Радионун президенти Томас Кенттин айтымында, ал иликтөө “укук бузуу болгону боюнча эч бир далилди берген жок, бирок Бакудагы бюро үчүн укуктук белгисиздик, журналисттер үчүн коркунучтуу” жагдай жаратты. (UE)

XS
SM
MD
LG