Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Таш-Дөбөдөгү бала бакча мамлекетке кайтарылды


Аламүдүн райондук сотунун чечими менен бала бакча мамлекетке кайтарылганын бүгүн парламент отурумунда "Бир бол" фракциясынын мүчөсү, депутат Алмасбек Акматов маалымдады. Ал бул маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу жолдогонун, көтөрүлгөн маселеге прокуратура көңүл буруп, чечкенине ыраазылык билдирди.

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы бала бакча 1 гектар жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирилгени анык болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурунда ар кандай себептер менен менчиктештирилип, жеке тараптарга өтүп кеткен 144 бала бакчанын имараттары кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG