Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Тажикстанда электр энергиясынын баасы көтөрүлөт


Тажикстандын «Барки точик» энергохолдинги кабарлагандай, өлкөдө электр энергиясы 1-октябрдан тарта 15 пайызга кымбаттайт. Тиешелүү токтомго президент Эмомали Рахмон 29-августта кол койгон.

Ага ылайык, учурда 14,65 дирамдан сатылып жаткан бир киловатт электр энергиясынын баасы болжол менен 16,85 дирамга (2 центке жакын) чейин жогорулайт.

Бийлик тарифтердин кымбатташы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тиешелүү эмес деп билдирди.

Февралда Тажикстанда керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн электр энергиясына болгон тариф көтөрүлгөн.

Тажикстанда электр энергиясынын баасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен жылына эки ирет 20 пайызга жогорулап турат. Электр энергиясына болгон тарифтерди акырындык менен көтөрүү тууралуу меморандумга тажик өкмөтү менен Дүйнөлүк банк 2006-жылы, энергетика тармагынын кирешесин арттыруу максатында кол койгон.

XS
SM
MD
LG