Линктер

шаршемби, 27-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:07

Депутат Жамалдинов өкмөттү шайлоого аралашпоого чакырды


Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү, депутат Зиядин Жамалдинов өкмөттү шайлоого аралашпоого чакырды. Бул маселени 14-сентябрда парламент жыйынында көтөрүп, өкмөттүн өкүлүнө эскертти:

- Сузактагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин баннерлерин чечкиле деп буйрук бериптир. Кара-Көл шаарында Төрөбаевдин штабы үчүн ижарага алынган имараттан да жергиликтүү бийликтин кысымы менен чыгарылыптыр. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттерди мажбурлап, КСДПнын талапкерине добуш бересиңер деп мажбурлап жатышыптыр. Ош шаарында электр тармактары ишканасынын жетекчилиги кызматкерлерин чогултуп алып, Жээнбековго добуш бересиңер деп опузалап жатышыптыр. Биз өткөндө өкмөт башчы Сапар Исаковго да айттык эле, өкмөт, бийлик шайлоого аралашпасын деп суранганбыз. Бирок, тилекке каршы, кийлигишүүнү баштаптыр.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов депутат көтөргөн маселе боюнча арыз түшпөгөнүн, эгер даттануу болсо укуктук жагы каралып, тиешелүү чара көрүлөрүн "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жер-жерлерде бийлик өкүлдөрү шайлоочуларды башкаруучу партия - КСДПнын талапкерине добуш берүүгө үгүттөгөн учурлар болуп жатканы тууралуу маалыматтар буга чейин да айтылган. 12-сентябрда Араван районуна караштуу Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Шукурулло Файзуллаев жергиликтүү тургундардын катышуусунда жыйын өткөрүп, анда талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырган видеосу тараган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG