Жогорку Кеңештин сессиясында "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү, депутат Алтынай Өмүрбекова шайлоо алдындагы үгүт иштерине административдик ресурс пайдаланылып жатат деп, муну токтотууга чакырды. Ал ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы парламентте шайлоочулардын тизмеси, шайлоого даярдык боюнча маалымат бериши керектигин кошумчалады:
- Биз бүгүн бул автоматташтырылган шайлоо системасынын серверине канчалык ишене алабыз? Ошондуктан, биз ай-ти аудит кылууну талап кылышыбыз керек. Шайлоочулардын тизмесин, программаларды текшерүү керек. Бүгүнкү күнү үй комитеттеринин төрагалары өлгөн, миграцияда жүргөн кишилерди сурап жүрүшөт. Алардын эмнеге кереги бар? Уюштуруу иштерин сурашыбыз керек.
Боршайком төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов өткөн жумада автоматташтырылган шайлоо системасы боюнча сервердин иши менен таанышууга Жогорку Кеңештин депутаттары чакырылганын, бирок саналуу гана депутаттар келгенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, сервер кишинин кийлигишүүсүз өз алдынча иштейт.(ZKo)