Линктер

шаршемби, 27-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:07

Талапкер Сариев Кайыңды шаарынын мэринин үстүнөн БШКга арызданды


Темир Сариев.

Президенттикке талапкер, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин шайлоо штабы Кайыңды шаарынын мэри жолугушууларга тоскоолдук кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу Сариевдин өкүлү Назира Ахмедова "Азаттык" радиосуна кабарлап, мэр Эркин Иманкулов Сариевдин жыйындарына элди чогултпоо аракетин көрүп жатканы тууралуу маалымат алышканын айтты. Анын айтымында, калаа башчысы участкалык шайлоо комиссиясыларына ушундай көрсөтмө берген. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу да жиберилди.

Мэр Эркин Иманкулов Сариевге эч кандай тоскоолдук кылбаганын айтып, башка талапкерлер көйгөйсүз эле жолугушууларды өткөрүп жатканын белгиледи. Муну куру доомат деп, сотко кайрылууга камынып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Сариевден бул боюнча арыз түшкөнүн, ал каралып жатканын маалымдады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG