Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:30

Кулматов парламентте буга чейинки ийгиликтерин санап берүүдө


Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматов буга чейин алты жылда алты жерде иштеп, ал жердеги жетишкендиктерин депутат, "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Кулматовдун маалыматы боюнча, ал Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган учурда бюджетке кирешени 14 млрд сомдон 38 млрд сомго жеткирген:

- Мени бажы кызматынан кет деп эч ким айткан эмес. Өз каалоом менен кеткем. Эки жылда биз бажы кызматын автоматташтырдык. Бишкекте мэр болуп турган шаарды өнүктүрүү стратегиясын жазып, аны ишке ашыра баштаганбыз. Бир да жолу шаар парламентке келип, бюджетти карап, көбөйтүп берүүсүн сураган жокпуз. Шаарга 1,7 млрд сом калтырдык, азыр ошондон ички көчөлөр оңдолуп жатат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна мен барганда 14 долбоорго болгону 17 млн сом берилген экен. Бир жарым жылда 770 долбоорго 248 млн сом берилди. Жыйынтыктар бар, ошондуктан, "эрке бала" тигил-бул дештин кереги жок.

Депутат Сулайманов Кубанычбек Кулматовдун жообуна ишенбестигин билдирип, ал иштеп кеткен тармактардын акыбалы тууралуу көпчүлүк кабардар экенин айтып кетти.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовду бекитүү маселесин карап жатат.

Кулматов 2010-2013-жылдары Бажы кызматын жетектеген, 2014-2016-жылдары Чүй облусун, Бишкек шаарын башкарган. Азыр ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG