Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Рахмондун тик учагынын шамалынан жыгылган жетекчи каза болду


Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Тоолуу-Бадахшан автономдук облусуна сапары маалында мамлекет башчынын тик учагынын шамалынан улам Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси Дилдор Максудшоев жыгылып кетип, каза болду. Ал башы менен ташка тийгени, Дарваз райондук ооруканасына бараткан жолдо жан бергени айтылат жергиликтүү булактар тараткан кабарларда.

Аэропорт жетекчиси мамлекет башчынын Дарваз районуна жасаган сапары маалында коштоп жүргөн облустагы аткаминерлердин арасында болгон.

Жергиликтүү бийлик Дилдор Максудшоевдин өлүмүн кокустук деп атады.

Хорог аэропортунун жетекчисин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 14-сентябрда болот.

Эмомали Рахмон аталган аймакка жайындагы селден жабыркаган жарандар менен жолугушууга барган.

XS
SM
MD
LG