Орусия менен Беларус 14-сентябрда НАТОго мүчө мамлекеттердин чек араларына жакын аймактарда ири аскерий машыгуусун башташат. Москва менен Минсктин маалыматына ылайык, "Батыш-2017" машыгуусуна 12 700дөй аскер тартылат.
Анткен менен батыш мамлекеттеринин расмийлери бул иш-чарага 100 миңдей жоокер катышуусу мүмкүндүгүн боолгоп жатышат. Буга чейин НАТОнун баш катчысы да бул боюнча тынчсыздануусун билдирип келген. Москва кыжаалат болууга негиз жоктугун айтууда.
Бул Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийинки НАТОго мүчө мамлекеттердин чек арасына жакын аймактарда өткөрүлө турган алгачкы ири машыгуу.
Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер жактырган Вена келишимине ылайык, 13 миңден ашуун аскердин катышуусунда машыгуу өткөрүп жаткан мамлекет бул тууралуу башка өлкөлөрдү кабардар кылып, байкоочулардын көз салышына уруксат бериши керек. Москва 14-20-сентябрга пландалган машыгууга тартылган аскерлердин саны 13 миңге жетпейт деп ишендирүүдө.
3-июль - Беларустун эгемендик күнүндө Минск шаарында аталган машыгууга каршылардын жөө жүрүшү өткөн.