Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Беларус-орус аскерий машыгуусуна каршылык


Оппозиция Орусия менен биргелишип өтө турган "Батыш-2017" деп аталган аскерий машыгуу өлкө кызыкчылыгына каршы келет деп билдирди.

3-июль - Беларустун эгемендик күнүндө Минск шаарында бийликке нааразылардын жөө жүрүшү өттү.

Оппозициялык күчтөрдүн лидери Николай Статкевич уюштурган "Беларустун бейпилдиги үчүн" деп аталган бул акцияда улуттук кызыкчылыкка каршы келет деген жүйө менен Орусия менен биргелешкен аскерий машыгууга каршылык айтылды. Аскерий машыгуу ушул жылдын сентябрь айында өткөнү жатат. Көчөгө чыккан оппозицияга бийлик бул ирет күч колдонгон жок.

Беларустун Эгемендик майрамында Минск шаарындагы Октябрь аянтына 200гө чукул адам чогулуп Эгемендик аянтына чейин жөө жүрүш жасады. Анда чогулгандар "Жетет!", "Эл үнү, кудай үнү" деген өңдүү жазууларды көтөрүп чыкты жана "Жашасын Беларус" деген ураандар жаңырды.

Николай Статкевич
Николай Статкевич

Оппозициялык күчтөрдүн лидери Николай Статкевич өлкө жетекчилерин өз бийлигин узартуунун түрдүү амалдарын колдонуп жатат жана тышкы оккупацияга жол бериши ыктымал деп айыптады. Орусия менен биргелишип өтө турган "Батыш-2017" деп аталган аскерий машыгуу өлкө кызыкчылыгына каршы келет деп билдирди.

Статкевич сентябрь айында да бул аскерий машыгууну утурлай ушундай нааразылык акцияларды уюштурарын убада кылды.

Расмий Минск оппозициянын дооматтарына азырынча үн ката элек.

Беларус эксперти Александр Класковский коомчулукта Орусия менен биргелешкен аскерий машыгууга бир нече себептерден улам каршы болгондор бар экенин айтып берди:

- Бул тема Беларуста жана ага жакын Балтика өлкөлөрүндө, Украинада, Польшада да өтө кызуу талкууланып жатат. Алар өздөрүнүн чек арасынын жанында, Беларуста Орусия аскерий машыгуу өткөрөрүнө кооптонуп жатат. Бул кооптонуу Орусиянын Крымды өзүнө каратып алганы, Донбасстагы аракеттери менен байланыштуу. Тактап айтканда, Орусия зордукчул күч катары каралып жатат. Мындан улам беларус бийликтери бул машыгуу боюнча кооптонууга негиз жок деп актанганга мажбур да болуп жатат. Беларуста оппозициянын бир бөлүгү Орусиянын аскерлери келсе кетпей коюшу мүмкүн, башкача айтканда, оккупациянын ушундай гибриддүү түрүн пайдаланышы ыктымал деп түпөйүл. Ушундай да божомол бар. Николой Статкевич оппозициялык лидер катары коомчулукта нааразылык маанай жаратуу үчүн ушундай учурду да колдонуп жатат.

Беларустун күч органдары оппозициянын бул жолку акциясында күч колдонгон жок жана эч кимдин камакка алынбаганы коомчулукта таң калуу да жаратты. Эксперт Александр Класковский бийликтин мындай "жумшак" мамилесин төмөнкүчө чечмеледи:

- Беларустун мыйзамдары боюнча көчөдө акция өткөрүүгө бийликтен уруксат алуу өтө кыйын. Көп учурда ар кандай шылтоо менен макулдук бербейт. Статкевич эки жыл мурун түрмөдөн чыккандан бери бийликтен уруксат албай эле акцияларды уюштуруп жатат. Ал бул жолу саясий учурду да пайдаланды окшойт. Себеби эртең, 5-июлда Минскиде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттер аралык ассамблеясынын сессиясы болот. Ага бир катар мамлекеттерден 300дөн ашуун парламент өкүлү катышат. Ушундай иш-чаранын алдында бийлик оппозициянын нааразылык акциясын кууп таратып, адамдарды камап, күч колдонгусу келген жок окшойт. Бирок болгону эки жүздөй гана адам чогулду. Бирок катуу авторитардык режимде турган жана каршылык активдүүлүк чектелген Беларус үчүн бул маанилүү эле окуя.

3-июлдагы митингден бир көрүнүш
3-июлдагы митингден бир көрүнүш

Николай Статкевич соңку жолу май айында бийликке каршы акцияга бир күн калганда беш күнгө камакта отуруп чыккан болчу. Укук коргоо органдары кармалган себебин түшүндүргөн эмес.

Статкевич 2010-жылдагы президенттик шайлоого катышкан жана Александр Лукашенкодон утулуп калган. Ошондо дагы бир жолу президент болуп шайланган Лукашенкону добуштарды бурмалады деп айыптаган. Мындан көп өтпөй калайман нааразылык акцияларды уюштурган деген айым менен камакка алынган жана түрмөдө беш жыл жаткан.

Быйыл Беларустун бир катар шаарларында Лукашенкону сынга алган калайман нааразылык акциялар өткөн эле. Акциялар кышында башталган жана миңдеген адамдар иштебей отурган жарандардын баарын төлөөгө милдеттендирген, калк арасында "бекерпоздор салыгы" деген ат менен таанымал болгон мыйзамга нааразылык билдирген. Март айында оппозициянын Минскидеги акциясында миңге чукул адам камакка алынган.

Аскерий машыгууга каршылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG