Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

"Бекерпоздук салыгы" Беларусту толкутту


Молодечна шаарындагы акциядан бир ирмем
Молодечна шаарындагы акциядан бир ирмем

Беларуста каршылык акцияларынын жаңы толкуну өткөн аптанын жума күнү уланып, эс алуу күндөрү токтогон жок. Президент Александр Лукашенконун бекерпоздукка салыкты бир жылга токтоткону элди жоошутпады. Нааразылык маршы өлкөнүн бир нече шаарларында өтүп, ага катышкан айрым оппозициячылар камакка алынды.

Беларуста №3 декретке каршы жүздөгөн адамдар өткөн аптанын жума күнүнөн баштап, ишемби-жекшембиде акцияларды өткөрүштү. Уруксатсыз каршылык марштары Бобруйскта, Оршада, Рогачевде, мурдагыдай эле Минск, Витебск, Молодечно жана башка шаарларда жүрдү. Бул Беларустагы узак убакыттан берки ири элдик толкундоолор экени айтылып жатат.

Кептин баары 2015-жылы жалкоолукка, социалдык жоопкерсиздикке каршы деп кабыл алынган 3-декретке байланыштуу. Эл оозунда “жатып ичерлер үчүн салык” деп аталып калган декретке ылайык, жарым жылдан ашуун эч жерде иштебеген жана салык төлөбөгөн адам жыл сайын казынага 200 долларга жакын акча төгүүгө милдеттендирилген. Өткөн жылдын салыгы 20-февралга чейин төлөнүшү керек болчу.

Расмий маалыматка ылайык, азырынча мыйзамды аткаруу үчүн керек болгон 430 миң беларус жаранынын 10% гана ал салыкты төлөштү.

Нааразылык маршынан бир ирмем
Нааразылык маршынан бир ирмем

Төлөбөгөндөр жарым айга камалат же дагы айыппулга жыгылат. Дал ошол төлөбөсөң камаласың деген күнгө оро-пара Минскиде чоң акция өтүп, андан аз өтпөй президент Александр Лукашенко 9-мартта декретке оңдоолорду киргизүү үчүн бир жылга артка кайтарган. Бул элди жибиткен жок.

- Ал жөнөгүлө, жумуш издегиле деп камарабай сүйлөп жатат. Издесе болот. Бирок көгөрүп, узак издөө керек. Ал ортодо кантип күн өткөрүүнү билбей турабыз. Батирге төлөш керек, нан жеш керек да. Менин балдарым азыр Орусияда иштеп жатышат. Бул жакта иш таппаган үчүн аргасыз кетишкен, - деди нааразылардын бири.

Лукашенконун 9-марттагы билдирүүсүнө улай элдин үнүн угууга мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгына токтолгон. Ошол эле учурда күч түзүмүндөгүлөргө чагымчылдарды "бөлкөдөн мейиз сууругандай" табууну буюрган.

"Беларуста Майдан болбойт" деген эле президент. Ага карабастан, аталган шаарлардагы марш учурунда өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан президентти алмаштырып, жаңы шайлоо өткөрүү чакырыктары да жаңырды:

- Мырза президент, сиз кечээ аянтка акмактар менен "майданчылар" чыгып жатат дедиңиз. Биз акмак да, "майданчы" да эмеспиз. Биз өз укугубузду, сиз 23 жыл тебелеген намысыбызды коргоо үчүн келдик. Силер, жатып ичерлер 23 жылдан бери уурдап атасыңар. Өлкөнү куураттыңар. Өлкө кургуйга кетти. Эми өйдө болору күмөн. Адегенде тизеден сазга баттык эле, эми кекиртекке жетти. Кеткиле. Кошкула!

Нааразылык маршы. Рогачев, 12-март
Нааразылык маршы. Рогачев, 12-март

Митингчилер арасында “Бириксек бир – күчпүз”, “Лукашенко кет”, “Жаша, Беларус” деген ураандар жаңырууда.

Ишембидеги марштан кийин Молодечнодо оппозициялык саясатчылар Анатолий Лебедько, Виталий Рымашевский жана Юрась Губаревич кармалып, 15 суткага камалышты. Активисттер башка шаарларда да кармалды.

Укук коргоочулар болсо айрым жерлерде тартип сакчылары активисттерди алдын ала эле кармап кеткен учурлар, тинтүүлөр көп болгонун айтып, коңгуроо кагышууда.

Буга карабастан каршылык чаралары улантылмай болду. Беларус 2015-жылдан бери экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Орточо айлык акы үч жыл мурдагы 630 доллардан учурда 380 долларга түшүп кеткени айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG