Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Беларус: аягы көрүнбөгөн акциялар


Слоним шаарындагы нааразылык акциясы, 19-март 2017-жыл.
Слоним шаарындагы нааразылык акциясы, 19-март 2017-жыл.

Беларуста “бекерпоздордун салыгына” каршы чыккан дагы үч активист камакка алынды. Бул өлкөнүн айрым шаарларында 19-мартта да нааразылык акциялары уланды.

Беларус президенти Александр Лукашенконун “бекерпоздор салыгын” жыйноо 2018-жылга чейин токтойт деген билдирүүсү нааразылык толкунун азайтпаганын өлкө батышындагы Слоним шаарында жекшембиде өткөн акция дагы бир ирет күбөлөдү. Шаардын борборуна чогулган тургундар бийликтин салык эрежелерин гана сындабастан, жашоо-шарттын начардыгын айтып даттанып жатышты. Араларында “президент акылдан адашты” деп айткандары да болду.

“Мурда пенсияга жан сактоого мүмкүн болсо, азыр ал пенсия эч нерсеге жетпейт. Же дарыланыш керек, же нан сатып алуу керек. Ушуга жеттик. Өлкөбүз үчүн уялып жатам. Келечекте бизди эмне күтөт? Балдарыбызды эмне күтүп турат? Жакырчылык” -деди нааразылык билдирип чыккан шаар тургундарынын бири.

Слонимдеги акция
Слонимдеги акция

Шаар борборуна чогулган жүздөгөн адамдардын алдына Слоним шаарынын мэри Олег Таргонский чыкты. Ага суроо жаадырган тургундардын көбү жеке көйгөйлөрүн айтып жатышты. Ошондой эле шаарда автоунаа оңдоочу заводдун, текстиль ишканаларынын жабылганын айтып, жумуш орундары кыскарганын белгилегендер болду.

“Мен конструктивдүү диалогго даярмын. Учурдагы көйгөйлөрдү чечебиз. Көп маселелерибизди бирге чечишибиз керектигин түшүнүшүңүздөрдү каалайт элем” - деди мэр Таргонский.

Слонимдеги нааразылык акциясы аяктагандан кийин анын уюштуруучусу, оппозициячыл активист Виктор Марчык камакка алынганы белгилүү болду. Өлкө батышындагы Барановичи шаарындагы жүрүш маалында да эки активист кармалганы кабарланды.

Бул өлкөдө март айынын башынан бери кармалган демонстранттардын саны 150дөн ашты. Алардын көбү 15 күнгө абакка кесилишти. Бириккен Улуттар Уюму, АКШ, Евробиримдик демонстранттарга жасалган мамиле боюнча Лукашенконун өкмөтүн сынга алып, тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Беларустагы толкундоолорго 2015-жылы жалкоолукка, социалдык жоопкерсиздикке каршы деп кабыл алынган №3 декрет себеп болду. Ага ылайык, эч бир жерде иштебеген адам кыргыз акчасына которгондо 12 миң сомдон ашуун салык төлөөгө милдеттендирилген. 2016-жыл үчүн салык 20-февралга чейин төлөнүшү керек болчу.

Минсктеги акциядан бир көрүнүш, 15-март
Минсктеги акциядан бир көрүнүш, 15-март

Февраль айынан бери Беларустун бир нече ири шаарларында тынымсыз уланган нааразылык акцияларынан кийин президент Александр Лукашенко 9-мартта салыкты чогултуу 2018-жылга чейин убактылуу токтотулаарын билдирген. Ошол эле учурда президент эл ичиндеги чагымчыларды табууга буйрук берип, “Беларуста Майдан болбойт" деп билдирген. Бирок бийликке каршы чакырыктар менен коштолгон акциялар качан токтоору белгисиз бойдон.

Беларуста каршылык акциялар уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG