Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы июль айында өткөн.
Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы июль айында өткөн.

Казакстандын баш калаасы Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы башталды. Эки күндүк жыйынга Орусия, Иран жана Түркия демөөрчү болууда. Казакстандын жергиликтүү медиасынын кабарлашынча, сүйлөшүүгө катыша турган тараптардын бардыгы 14-сентябрда Астанага келишти. Алардын арасында Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү да бар.

Орусия делегациясын президент Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, ал эми Түркия менен Ирандын делегацияларын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары - Седат Онал менен Жабер Ансари жетектеп барышты.

Ошондой эле Астанага БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан Де Мистура да барганы кабарланууда. Сириянын өкмөттүк делегациясын бул мамлекеттин Улуттар Уюмундагы өкүлү Башар Жафари жетектеп барды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдө Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук зонасын түзүү маселеси талкууланат.

XS
SM
MD
LG