Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Текебаевдин сотунда Маевскийдин көрсөтмөсү окулду


Өмүрбек Текебаев Бишкек шаар сотунда. 5-сентябрь, 2017-жыл
Өмүрбек Текебаев Бишкек шаар сотунда. 5-сентябрь, 2017-жыл

14-сентябрда Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантты. Бүгүнкү соттук жараянда соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин тергөөдө жана сотто берген көрсөтмөсүн окуп берди. Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова Маевскийдин тергөөдө жана сотто берген көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбей турганын "Азаттык" үналгысына билдирди:

- Тергөөдө берген көрсөтмөсүндө Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда анын иш бөлмөсүндө Өмүрбек Абдрахманов чогуу жолукканын айтат. Кийинки соттогу көрсөтмөсүндө Абдрахманов жок болчу дейт. Дагы бир көрсөтмөсүндө Текебаев менен Чотонов "Мегакомду" юбилейине тартуу кылышмак деп айтыптыр. Сотто антип айткан эмес. 6-сентябрдагы туулган күнүнө 14-сентябрда банктан акча алып атса, кантип тартуу кылышат?

Адвокаттар Маевскийдин көрсөтмөлөрүндөгү дал келбөөчүлүктөрдү белгилеп, соттон Маевскийдин кошумча көрсөтмөсүн да окуусун талап кылышты. Сот Адис Момуналиев андан баш тартып, дал келбөөчүлүктөр тууралуу жарыш сөздө айтыларын билдирди.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары да аталган инстанцияга доо арыз беришкен.

Текебаев менен Чотонов быйыл 26-февралда кармалган, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG