Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:56

Президенттикке талапкер, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров башка талапкерлер менен бир күч болуу жаатында сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна айтып, 12 талапкер бир тарап болуп, бийликтин талапкерине каршы турушу керектигин белгиледи. Мындай позициясын буга чейин берген маалымат жыйынында да жарыялаган эле.

- Ким ушул биригүүгө даяр болсо, ошолордун арасында болом. Мен бийликке эмес, бирдиктүү күчкө кызыкдармын. Дагы эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат,- деди Мадумаров.

Мурдараак президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин биригип жатканы тууралуу маалымат чыгып, алардын өкүлдөрү муну бышыкташкан. Бирок расмий маалымат таратыша элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер ат салышууда. Бийликтин Кыргызстан социал-деомкраттар партиясы (КСДП) мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду жарышка алып чыккан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG