Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Ирактагы жардыруудан 45 киши мүрт кетти


Ирактагы жардыруудан жабыркагандардын саны сексенден ашты.
Ирактагы жардыруудан жабыркагандардын саны сексенден ашты.

Ирактын негизинен шииттер байырлаган Ди Кар провинциясындагы жардыруудан кеминде 45 киши набыт болуп, жарадарлардын саны 80ден ашты. Бул тууралуу жергиликтүү расмийлер кабарлашты. Калаба үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алды.

Кабарларга ылайык, 14-сентябрда кафелердин бирине куралчан адамдар кирип барышып, ичиндегилерге ок жаадырышкан. Көп өтпөй өткөрмө бекеттин жанындагы автоунаанын ичине коюлган бомба жарылган.

Набыт кеткендердин арасында Ирандын 15 жараны болгону айтылууда. Бул маалымат азырынча ырастала элек.

Август айынын соңунда өкмөттүк армия Тал-Афар шаарын "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлеринен тазалашкан.

XS
SM
MD
LG