Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:06

Назарбаев Сирияга аскер жөнөтүү ыктымалдыгын жокко чыгарбады


Сириялык балдар Алеппонун четинде орусиялык аскерлердин машинесинин жанында. 17-август, 2017-жыл.
Сириялык балдар Алеппонун четинде орусиялык аскерлердин машинесинин жанында. 17-август, 2017-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 14-сентябрда Астанада журналисттер менен жолугушууда тынчтык орнотуучу күчтөрдү Сирияга жөнөтүү маселеси БУУнун чечиминин негизинде ишке ашуусу мүмкүн экенин билдирди.

- Биринчиден, биздин Конституцияга ылайык, аскерлерди согуш аймактарына жөнөтүү парламенттин чечими менен гана ишке ашат. Экинчиден, ЖККУнун уставы боюнча мындай күчтөрдүн катышуусу каралган эмес. Бирок БУУ тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алса, биз бул уюмдун мүчөсү катары аскерлерибизди жөнөтүшүбүз мүмкүн, - деген казак президенти өз өлкөсү Сирия жаңжалынын тынч жол менен чечилишин жактай турганын кошумчалады.

Назарбаевдин билдирүүсү Астанадагы Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөргө туш келди. 14-сентябрда башталган эки күндүк сүйлөшүүдө негизги көңүл Сириянын деэскалация зоналарындагы күчтөрдүн ишин тескөө жана Түркияга чектеш Идлиб провинциясында көзөмөл күчтөрүн уюштуруу маселеси талкууланары айтылган.

XS
SM
MD
LG