Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:04

NRC: Мосулдагы лагерде борбор азиялык үй-бүлөлөр бар


Мосулдун түштүгүндөгү лагер.
Мосулдун түштүгүндөгү лагер.

Ирактын Мосул шаарынын жанындагы убактылуу лагерде Тажикстандан келген 31 үй-бүлө бар. Бул тууралуу Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңеш (The Norwegian Refugee Council (NRC) билдирди. Буга чейин Reuters Түркия, Тажикстан, Азербайжан жана Орусиядан келген жоочулардын 1400дөн ашуун аялдары менен балдары Мосулдун түштүгүндөгү лагерде кармалып турганын кабарлаган.

Лагердеги балдар менен аялдар согушкер күйөөлөрү менен чогуу Тал-Афар шаарынан алыс эмес жерде күрд күчтөрүнө кармалганы маалымдалган. Күрддөр аялдар менен балдарды Ирак аскерлерине өткөрүп беришкен. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, алардын арасында аз санда француз жана немис жарандары дагы бар.

Иракта жүргөн Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңештин өкүлү Мелани Маркхэм ирактык аскерлер убактылуу лагердеги аялдар менен балдардын толук тизмесин түзгөнүн жарыялады. 31 үй-бүлө Тажикстандан, он алтысы Өзбекстандан келгенин айтышкан.

Маалыматка караганда, ар бир тажик үй-бүлөдө экиден алтыга чейин киши бар. Котормочулар жок болгондуктан укук коргоочулардын алар менен сүйлөшүүсү кыйынга туруп жатканын, көбүнүн документтери жок экенин белгилеп жатышат.

Тажикстан бийлиги буга чейин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жоочуларынын үй-бүлөлөрүн мекенине кайтаруу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG