Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Лондон метросундагы жарылуу теракт катары иликтенип жатат


Лондон метросунун поездинде жарылган ак челек. 15-сентябрь, 2017-жыл.
Лондон метросунун поездинде жарылган ак челек. 15-сентябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу британ полициясы билдирди. Полициядагы булактардын айтымында, Лондондун батышындагы метро станциясында бүгүн болгон жарылуу “террордук инцидент” катары иликтенип жатат.

Батыш Лондондун Parsons Green деген станциясында поезде ташталган баштыктын ичиндеги ак челек жарылып, анын артынан өрт чыккан. Бийлик өкүлдөрү өрттүн себептерин айтууга азырынча эрте экенин белгилешүүдө.

Окуя учурунда бир нече киши жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Күбөлөрдүн айтымында, адамдар жарылуу болгон жерден качып баратканда айрымдар тебелендиде калып да жаракат алышты.

Премьер-министр Тереза Мэй полиция “террордук инцидент” деп атаган жарылууга байланыштуу Британиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны чакыртылганын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG