Таласта шаардык кеңештин айрым фракцияларында президенттик шайлоого байланыштуу ички пикир келишпестиктер жаралууда.
Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Эсенкулов билдирди.
Анын айтымында, «Мекеним Кыргызстан» жана «Айкөл» партияларынын депутаттарынын арасында ич ара бөлүнүү пайда болду. Президенттик шайлоодо алардын кээ бирлери КСДП партиясынын талапкерин колдомой болсо, айрымдары “Республика Ата-Журттан” ат салышып жаткан талапкерге колдоо көрсөтөрү маалым болду.
Талас шаардык кеңешинде КСДП (10 депутат), "Республика Ата-Журт" (10 депутат), "Кыргызстан" (5 депутат) жана "Мекеним Кыргызстан" (3 депутат) фракциялары биригип "Ынтымак" коалициясын түзгөн, "Айкөл" фракциясы (3) оппозицияда калган.
«Кыргызстан» президенттик шайлоодо КСДПны колдой турганын расмий билдирген.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлер 13 адам. (AlS)